Уул же кыз болушу үчүн жыныстык катнаш менен кандай алектенүү керек?

14 октября 2019 Уул же кыз болушу үчүн жыныстык катнаш менен кандай алектенүү керек?

Көбүнчө, төшөктө эркектер маани бере турган жагдайлар көп...

Бүгүнкү күндө курсакка бала бүткөндө баштап баарынын белгиси келгени – анын жынысы. Мурда мындай жыйынтыкты көптү көргөн, көп баланы өмүргө алып келген апалар айтышчу. Кош бойлуу келиндин жүрүм-туруму менен мүнөзүнүн өзгөрүүсүнө, тамакка болгон табитине карап, уул же еыз боло турганын айтып беришчү.

Ал эми азыр интернет деген чоң күч бар. Уулдуу же кыздуу болууну каалагандарга жыныстык катнаш менен кандай алектенүү керектигине чейинки маалыматтар бар. Албетте, ар ким ишенсе, койсо өзү билет.

Деген менен, окумуштуулардын пикиринде, жыныстык катнаш дагы бойго бүтө турган баланын жынысына таасир этет.

Уул болушу үчүн...

  • Бойго бүтө турган баланын уул болушун каалагандар:
  • Овуляция күнүнө чейин 3-4 күн жыныстык катнаш менен алектенбеген оң, бул сперматозоиддердин санын арттырат;
  • Эркектер бир жума мурун тар ич кийим менен ысык ваннага (мончого) түшүүдөн сактанышы керек;
  • Аял бир гана овуляция күндөрү боюна бүтүрүп үлгүрүшү керек, башка күндөрү сактануу чараларын колдонушу керек;
  • Аял эркектен мурун оргазмга жетиши шарт;
  • Эркек жыныс мүчөсүн мүмкүн болушунча аялдын жыныс кынына ныгырып, лаззатка батканы оң;
  • Поза дагы роль ойнойт, эркек аялды аркасынан кумарга батырышы керек;
  • Жыныстык катнаш алдынан бир саат мурун эркек ысык кофе же кофеини бар газдуу суу ичсе, сперматозоиддердин саны артат;
  • Эгер аял жайбаракат жатса, жыныстык катнаштан кийин сперматозоиддердин жатындан орун алуу узактыгы 20 мүнөткө барабар болот;
  • Жыныстык катнаш учурунда жасалма лубриканттарды колдонуудан оолак болуш керек.

Кыз керек болсо...

  • Жыныстык катнаш менен циклдин 5-8-күндөрү алектенүү керек;
  • 9-10-11-күндөрү жыныстык катнаш менен күнүнө бир гана жолу алектенүү керек;
  • Кыз болсун дегендер “бетме-бет” позада кошулушу шарт;
  • Тез дүүлүгө турган шарт түзгөн оң;
  • Оргазм учурунда эркек аздан аталык уругун чыгарышы керек, анан да ыжыныс мүчөсү тереңде болбогону оң;
  • Циклдин 12-13-14-күндөрү жыныстык катнаш менен алектенбеш керек;
  • Ошондой эле, овуляция күндөрүнөн кийинки эки күндө кошулбаш керек.