Эркектер аялдын жанбашына «жаман ой менен» эле карабайт экендигин билесизби?

10 октября 2019 Эркектер аялдын жанбашына «жаман ой менен» эле карабайт экендигин билесизби?

Эркектердин басымдуу көпчүлүгүнө жанбашту аялдар жагат. Ак куу моюн, кымча белдин ылдый жагында часыраган жанбаш турса, эркек чиркиндериң көзүн ала албай калат го... Бул жолу эркектерге аялдардын жанбашы неге жага тургандыгын аныктап көрөлү.

Окумуштуулар эркектерге эмнеге аялдардын жамбашы жагарын изилдеп көрүшкөн. Демек, биз маалыматты абадан алган жокпуз. Изилдөөдө жанбаштын кандай түрлөрү жагарын аныкташкан.

Натыйжада бели түз болуп келип, жанбашы 45 градус дөңсөө болуп бүткөн аялдар эркектердин оюн онго бөлөт. Башкасы эмес, дал ушул 45 градус болгон жанбаштар жагат. Бирок, эркектер тууралуу “жаман ойлоп” калбаңыз. Аялдардын жанбашына эркектер бир гана шилекейи агып, кумарлана карабастан, анын атында чоң маани жатат. Чоң жанбашка “көз артуу” эркектер пайда болгон тарыхтан, адамзаттын эволюциялык табиятынан бери белгилүү экен. Чоң жанбаштуу аялдарга эркектер үй ишин мыкты аткарат, боюндагы баланы жакшы көтөрө алат деп кызыгышчу. Дагы бир себеби, көп балалуу болууну самаган эркектер да чоң жанбаштуу аялдарды тандашчу.

Окумуштуулардын пикиринде, аялдардын жанбашы суктандарган себеби – алардын көлөмүндө эмес, омурткасынын ийиле бүткөндүрүгүндө.

Изилдөөгө катышкан 300 эркекке ар түрдүү градуста ийиле бүткөн жанбашты көрсөтүп, баа берүү тапшырылган. Натыйжада, көпчүлүгү 45,5 градус тик турган аялдардын жанбашын мыкты деп табышкан.

Омуртканын 45 градуска ийиле бүтүүсү медицинада дагы оң таасирин берет. Бул аялдарды түрдүү омуртка ооруларына чалдыгуудан сактайт.

Демек, жанбашка кызыккан эркектердин баарынын эле ою жаман эмес. Алардын да билгени бар деп түшүнө бериңиз.