Кытай Кыргызстандын карызды кечүү боюнча өтүнүчүнө жооп берди

10 октября 2019 Кытай Кыргызстандын карызды кечүү боюнча өтүнүчүнө жооп берди

Акыркы маалыматтарга караганда (ушул жылдын июль айындагы), өлкөнүн жалпы карызы 4,5 миллиард доллар. Анын ичинен 1,7 миллиарды Кытайдын "Эксимбанкына" таандык.

Кытай Кыргызстанды мамлекеттик карызынан кутулууга дарамети жетет деп эсептейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлиги билдирди.

Сентябрь айында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева парламентте кытайлык Экспорттук-импорттук банкы («Эксимбанк») менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан эле. Мындан улам жыйынтыгына кызыгып, редакция аталган министрликке сурам жөнөткөн.

Министрликтен эске салышкандай, өкмөт 2002 жана 2005-жылдары Париж кредиторлор клубуна карызды кыскартып берүү боюнча кайрылган. Анда Кыргызстандын бересесинин бир бөлүгү жокко чыгарылган.

"Ал убакта кайрылууга экономикалык оор абалыбыз себеп болгон. Анткени тышкы карыз ИДПдан ашып кетип, оор кырдаал түзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча "Эксимбанктан" алынган насыяны өздөштүрүү боюнча чоң талкуу жаралып, министрлик карызды кыскартуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытай тарап Кыргызстанды карызды төлөөгө кудурети жетет, абалы туруктуу, өлкө бересесинен кутула алат деп жооп берди", — дешти министрликтен.

Ошондой эле министрликтен ушул тапта Германиянын KfW банкы менен карыздар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалашты.

Акыркы маалыматтарга караганда (ушул жылдын июль айындагы), өлкөнүн жалпы карызы —  4,5 миллиард  доллар. Анын ичинен 1,7 миллиарды "Эксимбанкка" таандык.

sputnik.kg