Көшөгөгө отурбай жулунуп жаткан кыздын видеосун тамаша дешти

10 октября 2019 Көшөгөгө отурбай жулунуп жаткан кыздын видеосун тамаша дешти

Кызды табуу үчүн милицияга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен Билим берүү жана илим министрлиги жардам берип жатат.

Жазуучу Алтын Капалова коомчулукта түрдүү талкуу жаратып жаткан ала качылган кыздын видеосу тамаша экенин айткан белгисиз кыздын видеокайрылуусун жарыялады.

Кадрдагы кыз бул нерсе Таласта болбогонун жана жөн гана тамаша экенин айтканын көрүүгө болот.

Алтын Капалова видеонун алдына бул өтө орой тамаша болушу мүмкүндүгүн жазган.

Ал ошондой эле "ала качылды" делген кыз эмне себептен өзү баарын төгүнгө чыгарбайт деп суроо салды.

ИИМдин маалымат кызматы Sputnik агенттигине видеокайрылуу боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

"Милиция кызматкерлери республика боюнча кызды издеп жатат. Бизге жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен Билим берүү жана илим министрлиги жардам берүүдө", — дешти ИИМден.

Коомдо талкуу жараткан видео социалдык тармакка 7-октябрда жарыяланып, окуя Таласта болгону айтылган болчу.

sputnik.kg