Жагымдуу төшөк оюну бир эле маанайды гана көтөрбөстөн, аял менен эркектин ден соолугуна оң таасирин да тийгизет.
Бүткүл дүйнөнүн сексологдору таң эрте сүйүү кумарына батууну кеңеш беришет. Эмесе, таң эрте секс менен эмнеге алектенүү керек экендигин айтып беребиз.
1. Эртең менен секс кечиндегиге каранда бир топ жагымдуу
Узак убакытка созулган уйкудан кийин организм кыйла сезимтал болуп калат. Мындан улам секс учурундагы сылап-сыйпоо дагы жагымдуу болот.
2. Спорт залга барбай эле койсоңуз болот
Эртең мененки секс спорт залдагы машыгууну алмаштырат. Окумуштуулар бир саат активдүү секс менен алектенүү 30 мүнөт чуркоо учурунда жок болуучу 240 ккал майды жок кылат деп кеңеш беришет.
3. Жогорку дем алуу жолдорун тазалайт
Күчтүү сапаттуу дем алуу абанын кирүүсүн жакшыртат. Таң каларлык таасири – 40тан ашкан эркектердин дем алуусун жакшыртат.
4. Таңкы секс – бул өтө интимдүү
Көзүңүздү ачарыңыз менен дароо эле төшөк оюндарын баштаңыз. Эртең менен сезимдер өтө курч болот – бизде кийим, күн бою туш болгон стресс, тиш пастасы, жумуш жөнүндө ой жок кезде аялдар табият берген сулуулукта болушат. Муну көпчүлүк үй-бүлөлүү адамдар байкашпайт.
5. Өзүңдүн бааңды көтөрүп аласың
Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көпчүлүк эл өзүнүн ишин жактырбайт. Ал эми жумуш алдындагы секс бир күнгө жете турган позитив тартуулайт.
6. Өзүңө кам көрүү үчүн мотивация
Эртең менен төшөк оюндары болорн билгенден кийин, кечинде жуунуп-таранып жатасың. Ошондо эртең менен чочулабай эле, секс менен алектене берүүгө болот.
7. Таңкы секс кофеден да мыкты сергитет
Таңкы секс менен алектенүү маанайды көтөрөт, бул жаңы күндүк мыкты башталышы болот.
Эсеңизде болсун, эркектерде таңкы тестостерондун көтөрүлүшү 7ден 9га чейин болот. Аялдарда секс үчүн идеалдуу убакыт 8ден 10го чейин. Ошентип, таңкы секстин “алтын убактысы” 8ден 9га чейин болот.