Алимент төлөөдөн качкан ата уулун сууга чөктүрүп өлтүрдү

8 октября 2019 Алимент төлөөдөн качкан ата уулун сууга чөктүрүп өлтүрдү

Өзбекстандын Наманган шаарында атасы бир жаштагы уулун суу агып жаткан арыкка ыргытып ыргытып жиберген. Жыйынтыгында бала көз жумду.

Намангандын кылмыш иштери боюнча облусттук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өз уулун атайы өлтүрдү деп тааныган.

Соттун материалдарына таянсак, 2017-жылы үй-бүлө курган Ташпулатов 2018-жылдын 4-июлунда уулдуу болуп, ата статусуна ээ болот. Бирок, 2019-жылдын 24-апрелинде ал аялы менен ажырашып кетет. Себеби, уулу өзүнө окшобойт экенин айтып, күмөн санаган.

Соттун чечимим боюнча, Расулбек Ташпулатов уулу 3 жашка толгончо өзүнүн тапкан кирешесинин 70 пайызын алимент катары төлөөгө милдеттендрилген.

Бирок, ал 8-июлда уулун уурдап кетип, суу аккан арыкка ыргытып жиберет. Андан кийин уулу сууга чөгүп кеткенче карап турган.

Сот зөөкүр атаны 18 жылга эркиндигинен ажыратты.