Эркек менен аялдын денесинде гана эмес, психологиясында да айырмачылыктар бар. Психолог адистердин ишениминде, махабат жаатында эркектер менен аялдардын түшүнүгү шайкеш келе бербейт. Жөнөкөй мисал, кыздар турмушка чыгарда көп жигиттин арасынан убактысы менен көңүлүн өзүнө көп бөлгөнүн тандаса, ал эми жигиттер тескерисинче...
Психологдор бул жаатта көп нерсе кызга байланыштуу экенин айтышып, “келин болуп үйгө кирүү” үчүн кыз махабаттын 5 сыноосунан чалынбай өтүү керек дешет. Ал кандай сыноолор? Сыноодон чалынбоо үчүн кыз эмнени билүүгө тийиш?
Биринчи баскыч
“Кийимине карап тосуп алат...”, “Адам көркү – чүпүрөк”. Сулуу болуңуз, саркеч болуңуз. Менимче, биринчи сыноо баскычынан бардык кыз өтөт, анткени кыздын баары сулуу. Ошондуктан, кийимиңиз да, адатыңыз менен сөзүңүз да дене-мүчөңүзгө ылайык болсун. Мисалы, кара тору болсоңуз, чачыңызды, тырмагыңызды ачык түскө боёбой эле койгонуңуз туура. Ачык, кыска кийип, эркек аттуулардын көңүлүн өзүмө бурам деп кыска ойлобоңуз. Өтө кыска кийим менен кыска кыркылган чач эркекти качырарын унутпаңыз.
Экинчи баскыч
Бул баскычта “Бир кадам алга, эки кадам артка” эрежесин карманыңыз. Бүгүн кездешүүгө чыксаңыз, кийинкиде кездешүүгө орундуу бир шылтоо таап айтып, жолугушууну эртеңкиге же кийинки жумага калтырыңыз. Кездешүүнүн жүрүшүндө аз сүйлөп, көп тыңдаңыз. Вацап менен биринчи болуп “кутман таң” деп саламдашсаңыз, уктарда “бейпил түн” деп жазууну ага калтырыңыз. Тагыраак айтканда, бир кадамды сиз, экинчи кадамды ал жасоого тийиш.
Атырды өтө көп сепсеңиз, ал канчалык кымбат, сапаттуу болсо да, жүрөктү айландырат. Дал ошол сыяктуу, “Абалың кандай?”, “Эмне кылып жатасың?”, “Кайдасың?” ж.б. деп күнүнө миң жолу чалып, миллион смс жазуу жигитти айнытат. Психологдордун айтымында, бир күндө 3 жолу чалуу, 7 смс жазуу жетиштүү.
Үчүнчү баскыч
Бул баскычта жигитте “Бири-бирибизге ылайык келебизби?”, “Мүнөзүбүз шайкеш келеби?”, “Кандай жар, кандай келин болот экен?” деген суроолор жарала баштайт. Ошондуктан, ал сизди эми достору менен тааныштырат. Туулган күнгө, өз досторунун арасына чакырат, жанында ээрчитип жүрөт. “Адамды сөз бузат”, сиз канчалык жагып турсаңыз да, досторунун сөзү анын оюн өзгөртүшү толук мүмкүн. Ошол үчүн, анын достору менен туугандары тууралуу терс пикирлериңизди ичиңизде сактаңыз. Достору менен сөз талашпаңыз. Жигиттин ар кадамын аңдып, катуу көзөмөлгө албаңыз. Достору менен аралашуусуна, сүйүктүү иши менен алектенүүсүнө тоскоол болбоңуз.
Махабаттын кийинки баскычына өтүү үчүн, көп нерседен баш тартып, көп нерсени үйрөнүүңүзгө туура келет.
Төртүнчү баскыч
Ошентип, махабаттын бешинчи баскычына өттүңүз дейли. Бул жан дүйнө жакындыгын далилдеген баскычта жигит үчүн сиздин кийимиңиз, бетиңиздеги боёгуңуз маанилүү эмес. Эң мыкты эркектин да көпкө айта бербеген жан дүйнө жарасы болот. Бир гана колдоп кубаттоону, муңайса жубатууну, кыйналса же ооруса жанында болууну гана ойлоңуз. Ал сиз сыяктуу боорукер, жакын адамды таба албай турганын, сиз менен таанышканына чын дилинен бактылуу экенин түшүнүшү керек. Эгер жигит келесоо болбосо, анда көп узабай милдеттүү түрдө сизге үйлөнөт.
Албетте, махабаттын сыноо баскычы улана берет, бирок мен ушул бешинчи сыноо баскычынан чалынбай өткөн кызга дароо үйлөнөр элем. Ал эми сизчи, жар издеген жигит?