Варикозду үйдө дарылоого болот

8 октября 2019 Варикозду үйдө дарылоого болот

Ар кандай себептерден улам пайда болгон варикоздон кутулуу ар бир айымдын кыялы болсо керек. Анткени, буттагы чыккан тамыр бутуңуздун сулуулугуна сын келтирсе, экинчи жагынан оорутат. Чыгып кеткен тамырды хирургиялык жол менен алдырууга шашпаңыз. Аны үйдө дарылап, айыктырууга болот. Ал үчүн төмөндөгү кеңештерди иш жүзүндө жасап көрүңүз.

* Ар бир дарыкананын текчесинен табылган алма уксусун 1-2 тамчы 1 стакан жылуу сууга аралаштырып, эрте менен ач карын ичесиз. Бул сиздин организмиңизди А, В жана С витаминдери менен камсыз кылат, кан тамырлардын соолугун жакшыртат, ары териңизди жазат.

* Үйүңүздөгү каланхоэ гүлү да сиздин дартыңызга даба болот. Ал үчүн гүл менен спиртти бирдей көлөмдө алып, аралаштырыңыз. Даяр болгон тундурма менен чыгып калган тамырды сүртүңүз. Дарылоону бир ай бою жүргүзөсүз.

* Көк помидордун да дарылык касиети мол. Ал үчүн помидорду эзип, тамырга сүйкөйсүз. Сыртынан кагаз коюп, жука кездеме менен ороп коюңуз. Болжол менен 30-40 мүнөттөн кийин компрессти аласыз. Ушинтип үзбөй 2 жума жасасаңыз, дарылоо натыйжасын берет.

* 2 аш кашык чалканды 250 грамм кайнаган сууга салып, тундуруңуз. Тундурма муздагандан кийин сүзүп алып, жарым стакандан ичесиз. Муну күнүнө 3 жолу жасоо керек.

* 3 даана алманы 1 литр кайнак сууга салып, тундуруп коюңуз. Болжол менен 4 сааттан кийин алманы эзип ботко жасайсыз. Ага бал аралаштырып, эрте менен жана кечинде жеп турасыз. Алма тундурмасы кан тамырларыңыздын абалын жакшыртат.

* 250 грамм сарымсакты кабыгын аарчып, майдалайсыз. Кийин аны 350 грамм бал менен аралаштырып, 2 жумадай тундуруп коёсуз. Белгиленген күндөн кийин тундурманы алып, 1 аш кашыктан күнүнө 3 жолу жейсиз. Дарылоону эки жума үзбөй жасасаңыз, ички организмиңизди тазалайсыз ары варикоздон кутуласыз.