92 жаштагы кемпир өзүн карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун атып өлтүрдү

7 октября 2019 92 жаштагы кемпир өзүн карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун атып өлтүрдү

Аризон шаарында жашаган 92 жаштагы кемпир өз уулу аны карылар үйүнө өткөрөйүн деп жүргөнүн билип, атып өлтүрдү.

Анна Блессинг бир нече күн бою өзү жарык дүйнөгө алып келген баласынын кантип мындай кадамга барганы жатканын ойлоп, кайгыга батат.

Натыйжада ал дүйшөмбү күнү эрте менен халатынын чөнтөгүнө эки тапанча бекитип, уулу менен жолугат. Кары аял баласы ок атууга ыңгайлуу аралыкка жакындаганда, чөнтөгүндөгү тапанчасын алып уулун атып салган. Өзүн карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун өлтүргөндөн кийин, пенсионер уулунун дос кызына тапанча такаган. Бирок, кыз кемпирдин колундагы куралды алып үлгүрөт.

Бир өлүмдөн аман калган кыз полицияга телефон чалып, болгон окуяны айтып берген. Окуя болгон жерге келген полициялар кемпирди дароо кармап, камакка алат. Ал адам өлтүргөнү жана кол жасаганы үчүн айыпталды.