Дүйнөдө тездик менен жоюлуп бара жаткан улут аныкталды

7 октября 2019 Дүйнөдө тездик менен жоюлуп бара жаткан улут аныкталды

Болгария элинин саны жети миллионго гана жеткен. Бул маалымат БУУнун экономикалык жана коомдук маселелер боюнча департаментинин эсептегичинде катталды.

“Бул – оор жаңылык. Болгария клиникалык демографиялык өлүмгө кабылды. Ал өлүп баратат. Биз - дүйнөдө эң тез жок болуп бара жаткан өлкөбүз”, - деди академик Петр Иванов.

Статистика боюнча Болгорияда 120 адам туулуп, 193 адам каза болот.

Белгилей кетсек, эл катоонун жыйынтыгына ылайык, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, башкача айтканда, 1946-жылы Болгарияда 7 029 349 адам болгон. Ал эми 1985-жылы 8 948 649 жашоочу болгон. Демек, Болгариянын азыркы абалы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки абалдан да начар болуп турат.