Сулуулук сырлары: помидор маскасы бет терисин жашартууга жана агартууга жардам берет

7 октября 2019 Сулуулук сырлары: помидор маскасы бет терисин жашартууга жана агартууга жардам берет

Баардык эле кыздар терисинин таза, сулуу жана жаштык менен жаркырап турушун кыялданышат. Ал үчүн сизге помидор жардамга келет. Бышкан помидорду алып, анын ширелүү, жыттуу маңызынан сыйкырдуу курам даярдап, бетиңизге коюңуз. Бир аз убакыт күтүп, жуугандан кийин керемет натыйжасын көрөсүз. Помидор маскасынын даярдалышы жана башка помидор сулуулугунун сырлары жөнүндө кененирээк айтып беребиз.

Помидордун агартуучу кесиети

Эгер сиздин убактыңыз аз болуп, бирок тез аранын ичинде сулуу көрүнүү керек болсо, анда жаңы помидорду жука кылып кесип алыңыз. Бул кесимдердерди бетиңизге коюп, 15-20 мүнөт жатып, кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай процедураны эки жумада бир кайталап турууга болот.

Сепкилдерге каршы колдонуу

Сепкилдерди жана башка пигменттүү тактарды кетирүүгө арналган абдан натыйжалуу каражат сүт менен помидордон алынат. 1 кичинекей помидордун ширесин 1 аш кашык сүт менен блендерде эзип алыңыз. Таза беттин терисине, моюнга, декольтеге кебездин жардамы менен сүйкөңүз. 15 мүнөт өткөн соң, жылуу суу менен жууп салыңыз. Бул процедураны 2 жума аралыгында күнүнө бир жолу уктар алдында кайталоо керек.

Бырышка каршы колдонуу

Мындай маска теринин абалын жакшыртууга жардам берет, анткени каражаттын курамына кирген заттар, эпидермистин жогорку кабатын жакшы азыктандырат жана нымдаштырат. Жыйынтыгында тери сулуулук жана жаштык менен жалтырап гана койбой, ошондой эле бырыштар дагы кетет, беттин контуру айкын жана тартылып көрүнүп калат.

Кесилген томаттын бөлүктөрүн 1 аш кашык крахмал, жумуртканын сарысы менен блендерде аралаштырыңыз. Бирдей масса болгончо чалып көбүртүңүз. Бет, моюн, декольте менен ийинге шыбап чыгыңыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууңуз. Процедураны 10 күндө бир жасап туруңуз.

Эскертүү! Процедураны жасардан мурда сөзсүз аллергияга тест жүргүзүп көрүңүз. Чыканактын бүктөлгөн жерине азыраак каражатты сүртүңүз, 20 мүнөт күтө туруңуз, эгер териде эч кандай реакция болбосо, анда бышкан помидордон даярдалган керемет косметиканын жардамы менен бетиңизди коркпой жашарта берсеңиз болот.