Мурундар сүйлөйт! Мурдуңузга карап өзүңүздү билип алыңыз (тест)

3 октября 2019 Мурундар сүйлөйт! Мурдуңузга карап өзүңүздү билип алыңыз (тест)

Адамдын сырткы келбети менен ички дүйнөсү бири-бири менен тыгыз байланышта экендиги эчак далилденген. Азыр бул суроо менен физогномика илими алектенет. Ал эми сиздин мурдуңуздун формасы кандай?

1. Чоң мурун

Чоңдугунан улам көзгө дароо илинет. Мурундун кырында бир да ийилген жери жок. Учу төмөн карай салаңдап турат. Нубийлердин муруну сыяктуу формага ээ болсо да, бул адамдар оптимист келишет. Жардамга муктаж адамдарга ар дайым кол сунууга даяр. Достору, катыштары көп, көпчүлүккө жагат, түрдүү маселени оңой чечүүгө жөнжөмдүү.

2. Грек мурундар

Мурду гректердикине окшоштор көпчүлүктүн аназарында болууну каалашат. Жан дүйнөсү жабык болгондуктан, ички сезимдерин көрсөтө албайт. Бирок, алардын жүрөгү досторуна ар дайым ачык.

3. Куш тумшук

Мындай адамдардын мурду куштун тумшугу сыяктуу ич жагына кайрылып турат, алар жанкечтилиги менен айырмаланышат. Эгер чындап кааласа, өзгөлөр үчүн өзүн курман кылууга даяр.

4. Арка

Кырлуу, белесеги дөмпөйгөн мурун. Мындай мурундуу адамдар адилетүү, ачык болот. Алар алдына койгон максатына жетмейинче жаны тынбайт.

5. Түйүнчөк мурун

Кичинекей, чакан мурун. Мындай мурундар көп кездешет. Алай тегерегиндегилерди таң калтырып, мыкты чечим кабыл алууга чебер. Күчтүү мүнөзгө ээ. Көп сөздөн ишке өткөндү жактырышат.

6. Кыр мурун

Кыр мурундуулар азия элдеринде көп кездешет. Капталдары кууш, түз сызыктуу мурундун ээлери ачуулуу мүнөзү менен таанымал. Аны сабыр жолунан тайдыруу эң эле оңой.

7. Дөмпөк мурундар

Мындай турундун кырында кичине дөңсөөсү болот. Тез таарына турган, көңүлү бош, сезимтал адамдардын муруну ушундай болот. Бирок, жан дүйнөсү кең, көпчүлүккө жардам бергиси келип турат, өзгөлөрдүн маселесин чечүүгө көмөктөшөт.

8. Кыйшык мурун

Сырткы келбети келишкен болбосо да, мындай адамдар өтө мээримдүү келишет. Алар мыкты дос, өмүрлүк жар боло алышат. Эгер бир нерсени баштаса, ага баш оту менен кирип кетет.

Ал эми сиз айтылган сыпаттамаларга макулсузбу?