Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап калды. Анын жанында келинчеги менен агасы бар.
Кой-Таш окуясында башынан катуу жаракат алып, дарылануу үчүн Москвага жөнөтүлгөн Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келди. Бул тууралуу ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Курманкулов өз алдынча дем алып, сүйлөп калды.
"Курманкулов колу-бутун кыймылдатып реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап жатат. Анын жанында келинчеги менен агасы бар. Курманкуловдун жумушка кайтып келер-келбеси белгисиз. Себеби анын башына оор операция жасалгандыктан иштеп кетүүгө кыйын болот. Балким, жетекчиликтин чечими менен өтө оор эмес кызмат берилип калышы мүмкүн", — деди Метеров.
Ал ошондой эле Кой-Таш окуясында жабыркаган дагы бир жоокер учурда дарыланып жатканын айтты. Укук коргоо органдарынын ушул эки өкүлүнөн башкасы үйлөрүнө чыкканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.