Бала менен качан жана кантип секс жөнүндө сүйлөшүү керек. 5 кеңеш

2 октября 2019 Бала менен качан жана кантип секс жөнүндө сүйлөшүү керек. 5 кеңеш

Азыркы балдарды секс менен таң калтыра албайсың. Алар секс жөнүндөгү биринчи маалыматты смартфондон жана телевизордон алышат. Андан кийин суроолору пайда боло баштайт. Ал суроолорго качан жана кантип жооп берүү керек?

Баланын жашына карап сүйлөшүңүз

Жыныстык органдарга алардын айырмачылыктарына болгон биринчи суроолор 3-5 жашта пайда болот. Бул учурда баланы урушпай, жумшак жеткиликтүү кылып түшүндүрүү керек. Өзүнүн органына өзү гана кол тийгизе ала турганын айтуу маанилүү. Бир гана дарыгерлер жана ата-эне ооруган учурда кол тийгизе аларын түшүндүрүңүз.

5-7 жашта. Ушул жашта балдар аял менен эркектин ортосундагы мамилеге кызыга баштайт. Балага сүйүү – бул жаман эмес, таза сезим экендигин түшүндүрүү зарыл. Андай мамилени эч кимге билдирбөө керектигин айтыңыз.

8-10 жашта. Ушул учурда балдар секс жөнүндө толук түшүнүп калган болот. Бирок, бала өзүнүн денесиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө сурай башташы мүмкүн.

11-15 жашта. Биринчи сүйүү сезимдери ойгоно баштаган мезгил. Дал ушул учурда жыныстык кошулуу аркылуу берилүүчү оорулар тууралуу маалымат бергениңиз оң болот.

Сөздөрдү туура тандаңыз

Секс жөнүндө түз, күлбөй сүйлөшүү өтө кыйын. Тилекке каршы, кыргыз тилинде жыныс органдарынын жана секс менен алектенүүнүн аталышы өтө уят сөздөр менен айтылат. Ыплас сөздөрдү айтуудан алыс болуңуз

Ишеним атмосферасы

Секс жөнүндө бала менен сүйлөшүп жатып, кабакты түйүүнүн же мугалимдин кейпин кийип алып, окутуунун кереги жок. Жашына жараша ар кандай суроолорду берет, жооп берүүгө даяр болуңуз. Эгер суроосуна жооп бере албай калсаңыз, урушуунун кереги жок, жжопту чогуу издеп, же тишелүү адиске кайрылып көрүңүздөр.

Маалыматты чеги менен бериңиз. Ашыкча маалымат берип, анын артынан баланын фантазиясы күч алып, псикасына таасирин тийгиши мүмкүн. Эгер баланын өспүрүм куракта интимдик кызыгуусу күч алып кетсе, ата-энелер контролдойм деп аракет кылбай эле койгула.