Кечирип койгула! Малахов кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады

2 октября 2019 Кечирип койгула! Малахов кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады

Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүндө кыргызстандык таксисттин дарегине сын сөз айтып, кыргызстандыктарды нааразы кылган.

Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов чуу жараткан теле берүү боюнча кыргызстандыктарга кайрылып, кыргыз тилинде кечирим сурады.

Ал Россия телеканалындагы берүүдө кыргызстандыктардан кыргыз тилинде "Мени кечирип коюнуздар",— деп кечирим сураган.

Буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун мотоцикли кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.

Эфир учурунда таксисттин ата-энеси жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү маркумдун энесине көңүл айтып, кечирим сурашкан. Бирок берүүгө чакырылгандар менен теле алып баруучу бул жерде баары буюртма аркылуу жасалган деген оюн таңуулашкан.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун айткандары боюнча пикирин билдирип, "адамды таарынтуу оңой, бирок муну менен жашоо кыйын. Андан да жаманы - бүткүл элди кемсинтүү", - деп жазган.

Эске салсак, 8-июлга караган түнү россиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов жол кырсыгына кабылып, каза тапкан. Ал мотоцикл менен катуу ылдамдыкта бара жатып кыргызстандык таксисттин унаасына урунган. Анын кесепетинен эки унаа тең күйүп кеткен. Мотоциклист ооруканада жан берсе, таксист олуттуу жаракат алган. Кыргызстандык жигит 9-июлда камакка алынган. Ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмү ("Этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы") боюнча айыпталууда. Бул берене боюнча айыпталгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Россия 1" каналынын "Прямой эфир" программасынын алып баруучусу Андрей Малахов Маруговдун өлүмү боюнча берүү даярдаган. Ал программа учурунда таксист бирөөнүн буйрутмасы менен атайылап кылмышка барышы мүмкүндүгүн божомолдогон.

sputnik.kg