Ушул тапта Армениянын Ереван шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери жана Сингапурдун премьер-министри менен селфи форматында сүрөткө түштү.
Эске салсак, 30-сентябрь күнү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Ереван шаарына Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барышкан.
Сүрөттөрдүн бирин Армениянын премьер-министри Никола Пашинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
"Биздин кээ бир өнөктөштөрүбүз селфи кылганды жакшы көрсө, башкалары жактырбайт. Биз бүгүн селфи кылганды жактырбаган жана бул жерде жок өнөктөштөрүбүздүн ден соолугу үчүн ичтик", — деп жазды Пашинян.
Дагы бир селфини Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун өзүнүн баракчасына жүктөдү.
"Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына келген өлкө лидерлери менен кечки тамакка чогулдук. Пашинян мырзага меймандостугу үчүн ыраазыбыз", — деди ал.
Сүрөттөн Пашинян менен бирге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Молдавиянын президенти Игорь Додонду, Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевди көрүүгө болот.