Жасалма кирпик чаптагандардын кирпиги биттеп кетет

1 октября 2019 Жасалма кирпик чаптагандардын кирпиги биттеп кетет

Сулуулук үчүн кандай курмандыктарга даярсыз? Кирпик чаптап, күйүңүздү жуубай коё аласызбы?

Келишкен мүчө, керилген каш, ийилген кирпик... Бул ар бир кыздын кыялы. Сулуулук дүйнөнү сактайт дейт. Бирок, аша чабууга болобу?

Учурда эки кыздын бири жасалма кирпик  менен жүргөнүн байкайбыз. Башкаларга сулуу көрүнгөн менен, желим кирпиктин канчалык ыңгайсыздык жаратарынан маалыматыбыз жок. Биз бүгүн жасалма кирпик менен жүргөндөрдүн кандай тобокелдикке барарын карап чыгалы.

Көзүңүздү такыр жуубаганга даярсызбы?

Жасалма кирпик менен жүргөндөр көзүн такыр жуубайт, анткени суу тийсе кирпиктер түшүп калат. Ошондуктан, айланасын аарчып гана коюшат.

Мончодо жуунбай каласыз

Ысык буу, аккан суу да кирпиктин түшүп калуусуна алып келет.

Кирпиктин бити тууралуу уктутуңуз беле?

Кирпик да баш сыяктуу биттейт. Муну көпчүлүк биле бербейт. Орус окумуштуулары атайы изилдөө жүргүзүп, кирпиктеги биттер аялдарда болорун аныкташты. Ал биттер көзүн боёп жана кирпик чаптап жүргөндөрдө көп болот.

Кирпикти тарап турасыз

Ийилген жасалма кирпиктер өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Көздү ачып жумганда кирпиктер айкалышып, аралары ачылып калат. Ошондуктан, тарап туруу керек.

Көздү укалоого болбойт

Эгер куурчактыкындай кирпиктүү болууну кааласаңыз, көзүңүздү ушалоону токтотосуз. Антпесе, жасалма кирпигиңиз үшүп калат.

Бир гана чалкалап жатып уктайсыз

Жасалма кирпик чаптагандар бир гана чалкасынан жатып укташат. Бул дагы кирпикти байкабай түшүрүп алуудан сактайт.

Бир жолу кирпик жасаткан кыздар улам-улам жасатып турушат. Себеби, алардын өздөрүнүн табигый кирпиктери түшүп калат. Андан да, кыздар жасалма кирпиксиз сулуу көрүнбөй калабаыз деп эсептешет.