Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия дагы көбөйөт

1 октября 2019 Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия дагы көбөйөт

Тийиштүү токтомго буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Пенсия жыл сайын жогорулап келет.

Кыргызстанда эртең, 1-октябрдан тарта, пенсиянын көлөмү көбөйөт. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Тийиштүү токтомго буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Пенсия жыл сайын жогорулап келет.

Натыйжада 4283 сомдон ашпаган пенсия алгандардыкы (241,5 пенсионер же 38 пайыз) жок дегенде 300 сомго жогорулайт. Ал эми пенсиясы 4283 сом же андан көп алгандардыкы 320 сомго көтөрүлөт.

Кайра эсептөөлөргө ылайык, пенсия орточо эсеп менен 328 сомго жогорулаган болот. Ошентип пенсиянын орточо көлөмү 5820 сомду түзөт.

Соцфонддон кабарлашкандай, 667,3 миң пенсионердин пенсиясын көбөйтүү үчүн 659,2 миллион сом керектелет. Анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгүнө республикалык бюджеттен 67,3 миллион сом жумшалат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө 592 миллион сом пенсиондук фонддон бөлүнөт.

sputnik.kg