Ороктогу үлпөт тойдо чыр чыгып, ок атылды

30 сентября 2019 Ороктогу үлпөт тойдо чыр чыгып, ок атылды

Ок жабырлануучулардын төш жагына, колуна жана тизе тушка тийгени айтылат. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Өткөн аптанын соңунда Сокулуктун Орок айылындагы үлпөт тойдо ок атуу менен коштолгон чырдын чоо-жайын Ички иштер министрлиги айтып берди.

Алдын ала маалымат боюнча, алгач тойдо отурган Жал жана Орок айылдарынын тургундары кайым айтыша кетишкен. Андан кийин жалдык киши айылдаштары болуп ороктуктар менен чырлаша башташкан.

"30-сентябрь күнү Ленин райондук милициясына ооруканалардын бирине ок жеген эки киши түшкөнү кабарланган. Ал жакка барган милиция кызматкерлери 29-сентябрь күнү болжол менен саат 23.30дарда Орок айылында жаштар мушташа кеткенин аныкташкан. Андан кийин балдардын бири белгисиз куралдан ок чыгарган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдарды Сокулук райондук милициясына өткөрүп берүү стадиясында турат.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Sputnik кабарчысына ооруканага Орок айылынан эки жигит ок жеп түшкөнүн билдирди. Маалыматта ок жабырлануучулардын төш жагына, колуна жана тизе тушка тийгени айтылат. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

https://sputnik.kg