Аялдын моюну бетинен мурун картаят

30 сентября 2019 Аялдын моюну бетинен мурун картаят

Бирок, аны жашарта турган маскалар бар.

45 жаштан соң аялдын моюн терисине бырыш түшүп, теринин шалбырап калары жашыруун эмес. Диета кармоо, тездик менен арыктоо, гармондук өзгөрүүлөр да териге ушундай таасир тийгизет.

Эмне кылуу керек?

Арийне табияттын мыйзамына эч ким каршы тура албайт. Деген менен, терини жакшыртып, азыктандыра турган маскаларды колдонуу менен моюндун терисин жакшыртууга болот. Төмөнкү кеңешти колдонуп көрүңүз.

Керектелүүчү заттар:

  • 2 аш кашык кофе
  • 0,5-1 ча кашык камфор майы
  • 2 аш кашык косметикалык чопо

Кофенин пайдасы тууралуу айтуунун кажети деле жок. Анткени, аны көпчүлүк жакшы билет. Ал эми косметикалык чопо тууралуу айта турган болсок, анын ак, көй, жашыл, кызыл, кара ж.б. түрлөрү бар. Булардын баары терини тарта турган касиетке ээ. Тапкан чопону (дарыканадан сатып алсаңыз болот) колдоно бериңиз.

Камфор майы

Бул тери менен чачка кам көрүүгө арналган белгилүү каражат. Ал безеткини, тери тыртыгын кетирүүгө, бырышты жазууга, чачтын өсүүсүн тездетүүгө колдонулат. Өзүнүн бай курамынын негизинде клеткаларды жаңыртууга жардам берет.

Жашарта турган № 1 маска

Чопону таңгагында жазылган эрежеге ылайык суу менен аралаштырыңыз. Кою каймак сыяктуу масса болушу керек. Кофе жана камфор майын кошуп аралаштырасыз. Даря болгон аралашманы моюнга, шалбарап калган башка дене бөлүгүндөгү териге сүрүп, сыртынан ашкана пленкасы менен арагон дурус болот. 30-40 мүнөтөн соң жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу крем сүртүңүз. Бул масканын жардамы 2-3 жума колдонгондон кийин байкала баштайт.

Жашарта турган № 2 маска

Жарым чай кашык көк түстүү чопого 6-7 тамчы алма кислотасын кошуп, Андан кийин азыраак кайнаган суу кошуп, кою ботко сыяктуу масса дайындайсыз. Моюн терисине сүртүп, 20 мүнөт кармайсыз, андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Натыйжасы тери жаңыланып, тартылат.

Жашарта турган № 3 маска

Жарым аш кашык косметикалык көк чопону так ушундай өлчөмдөгү каймак менен аралаштырып (майлуулугу аз болгону дурус), 1 чай кашык жүзүм же лимон майын кошосуз. Даяр болгон кою масканы териге сүртүп, 10-15 мүнөт кармап, жылуу суу менен жууп салуу керек.