“Сүйлөй албай каламбы деп корктум”: дарыгерлер аялдын колунун терисинен жаңы тил жасап берди

30 сентября 2019 “Сүйлөй албай каламбы деп корктум”: дарыгерлер аялдын колунун терисинен жаңы тил жасап берди

Британияда дарыгерлер аялдын колунун ткандары аркылуу тилин калыбына келдирди.

Акыркы сегиз жылдын аралыгында Ребекка Петтерсондун тилинде жара, ал эми оозунда ак тактар болгон. Дарыгерлер ага ооз кандидозу диагнозун коюшат. Убакыт өткөн сайын аялдын тили катуу ооруп, уйкудан жана тамактануудан калат.

2018-жылы Паттерсонго биопсия жасалат. Анын натыйжасы аялдын залалдуу шишикке чалдыкканын көрсөтөт. Аял бул кабарды өтө оор кабыл алат. Себеби, анын алдында аялга сүйүктүүсү үйлөнүү сунушун киргизген эле. Ал өмүр бою сүйлөй албай каламбы деп корккон.

Дарыгерлер маселени чечүү жолун таап, Паттерсонго 11 сааттык операция жасалат. Операция учурунда дарыгерлер аялдын шишип кеткен тилинин оң жак бөлүгүн кесип алып, аны сол колунун териси жана тамырынын бир бөлүгү менен алмаштырышат. Аны менен катар “жаңы тил” оозуна батуусу үчүн, Ребеканын мойнунун оң жагындагы лимфа түйүндөрүн алып, эки тиши суурулган.   

Паттерсон операциядан кийин эки жума бою сүйлөй алган эмес. Аны менен катар мойну менен колун кыймылдатуу кыйынга турган. Ооруканадан чыккандан кийин тамак жегенди, жутканды кайрадан үйрөнгөн.

Арадан беш ай өткөндөн кийин аял мектептеги жумушуна кайра кайтып келген. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштейт.