Күйөөңүз 40ка жакындаса, төшөктө төмөнкүлөргө даяр болуңуз

30 сентября 2019 Күйөөңүз 40ка жакындаса, төшөктө төмөнкүлөргө даяр болуңуз

Бул макала “кыркка келгенде кылык чыгарбаса да” ошонун аркы-берки жагын көрсөтүп калган эркектерди түшүнүүгө арналат.

40 жаш – эркектер үчүн өзүн сынап көрө турган убакыт. “Мен али жараймын” деп эсептегени менен убакыт баары бир өзүнүкүн алат. Ушул убакта эркектердин психологиясында да, организминде да аздыр-көптүр өзгөрүүлөр орун аларын аялдар да билгени туура. Баары эле “мурункудай боло бербейт экенин” түшүнсө, ортодо төшөккө карата жаңжал менен таарыныч жаралбайт.

Ошондо эмне өзгөрөт?

Сөзүбүз төшөк айланасында болгондуктан, эң биринчи жууркан астындагы иштин жаңы үйлөнгөн кездегидей болбойт экенин белгилей кетүү керек. Бул эркектик жөндөмдүүлүгү максималдуу сызыкты “уруп” турган 21-25 жаш эмес. Ал тургай, 25 жаштан кийин эркектеги тестостерон төмөндөй баштарын аялдар түгүл, эркектер да унутуп калышат.

Адистердин изилдөөсүндө, жогоруда аталган жашта эркектердин көбү жыныстык катнаштын сапатына эмес, санына гана көңүл буруп калышат экен. Бир гана 30 жашка келгенден тартып, эркектердин оюна төшөк жумушун “сапаттуу” аткаруу керек деген ой келе баштайт. Ошентсе да, бир түндө бир нече жолу канааттандырууну адат кылып алганын койбойт.

Ал эми 40ка келгенде...

40тан болбосо да, 35тен ашкан соң эркектерде төшөккө деген жоопкерчилик ойгоно баштайт. “Ушул мен аялыма керектүүнү берип жатамбы? Аны канааттаныра алдымбы?” деген суроо оюнда жылт эте калып, эртең менен аялынын кабагына кар жаап калган учурлар да көбөйө баштайт.

Мындан бөлөк, турмуш тиричилик менен алышып, бала-чака менен болуп, эркекке “күнү-түнү төшөктү” ойлосууна тооскол жаратып, эс алууга тарта баштайт. Туура, ал да чарчайт да. Ага башкалар да “акыл токтотту го” деп карай баштайт. Акылдашууга чакырат, кеңеш сурайт дегендей...

Ушунун бардыгын сезе баштаганда эркек өзүндөгү эркектик күчүн кармай баштайт. Жада калса төшөккө жатканда да мурункудай ары-бери эмес, “менин ушул жасаганым туурабы?” деген ой менен аракет кыла баштайт.

Ушул жерде аялдарга бир кеңеш: күйөөңүз мурункудай эле жайманын үстүнө алып урбай абайлап, шашылбай ишин баштай турган болсо, оюн башкага жорубаңыз. Бул аларга “акыл кире баштагандын” белгиси. “Башка жерден тоюп келген” деп, өзүңүздү да, аны да кыйнабаңыз.

Мурункудай таң атканча көңүл көтөргөн убактар азаят. Ал кез өткөн, эми баягы учурларды эс алуу күндөрдү кайталоого гана болот.

Эми кандай болот?

Мына, эми аялдарга өзүнө көбүрөөк көңүл буурага убакыт келди. Себеби эркектер төшөк катнашында аялынын көкүрөгүнө, жамбашы менен белине, жалпы сымбатына карай баштайт.

Ошол себептен, күйөөңүз “кылык көрсөтүп, кыр ашып кетпесин” десеңиз, сымбатыңызга көңүл бөлүп, ич кийимиңизге чейин көргөндө көз тартыла тургандарын тандооңузга туура келет. Катуу айтпай эле коёлу, ошентсе да “ким көрүп жатат” деп караган эскилеринен арылганыңыз туура. Антпесе, күйөөңүз “аялым ким болуп баратат” деген ойдо калышы мүмкүн.

Ошондуктан, күйөөңүз 40ка таяп баштаганда төшөккө ал эмес, өзүңүз даяр болушуңуз керек. Сырттан да, ичтен да даярдыгыңыз төп келип, санаңыз турмуш тиричиликтен таза, бир азга болсо да бала-чаканы ойлобой, жууркан астында болушунча эркин болгонуңуз туура. Андай болбогон учурда сапаты жогору “төшөктү” башка жактан издеп кетти деп таарынганыңыз бекер болот.

Төшөк – экөөңүз үчүн бир. Демек, анын үстүндөгү иш да никелүү түгөйлөргө бирдей. “Муну сен, тигини сен” дегендей, ал үй иштери эмес.