Лимон кошулган суу түрдүү оорунун алдын алат

30 сентября 2019 Лимон кошулган суу түрдүү оорунун алдын алат

Диетолог-адистер таза сууга лимон тилимин кошуп ичүүгө кеңеш беришет. Ал организмдин туура иштешине, ары бет терисин жакшыртууга таасирин тийгизет.

Лимон тилимдери кошулган сууну диетологдор “Ден соолук суусундугу” деп аташат. Адистер бул суусундукту күн сайын керектөө иммунитетти гана жакшыртып койбой, унутчаактык оорудан, анемия сыяктуу дарттардан өз убагында арылууга жардамдашарын аныкташты.

Лимон кошулган кайнатылган жылуу суу боор, өт, бөйрөк ооруларынын алдын алууга өбөлгө түзөт. Өт жолундагы таштардын чогулбашына таасирин тийгизет. Организмди зыяндуу калдыктардан арылтат. Ал кан курамындагы токсиндерди жок кылып, теридеги пигменттүү тактар менен безетки, сепкил, бырыштын түшүшүнө жол бербейт. Ошондой эле, лимон курамындагы магний, калий жана С витамини мээ, жүрөк жана нерв системасын ишин жакшыртып гана койбой, кан басымынын бир калыпта болушуна жардам берет.

Күн сайын эртең менен ач карын ичкен лимон кошулган суу нерв системасынын иштешин бир калыпка келтирип, денеге күч-кубат менен сергектик тартуулайт. Стресс, депрессия, көңүлсүздүктүн болушуна тоскоол болот. Жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө бул шире чаңкоодон куткарса, кышында адамга жылуулук менен күч тартулоочу касиетке ээ.

Ал үчүн кайнаган 1 литр ысык сууга лимон тилимдерин салып коюңуз. Муздаган кезде аз өлчөмдөн кабыл ала баштаңыз. Кийин кабыл алуу мөөнөтүн көбөйтүңүз. Ошондой эле, каалооңуз боюнча, бул ширеге 1 чай кашык бал же жалбыз жалбырагын кошууга болот.