Казакстанда телефонун зарядга коюп уктап калган кыз көз жумду

29 сентября 2019 Казакстанда телефонун зарядга коюп уктап калган кыз көз жумду

Окуя 28-сентябрь күнү Каратал районунун Бастобе айылында болгон. Жерине барган полиция кызматкерлери өспүрүмдүн жанында токко туташтырылган телефон болгонун көргөн.

Казакстанда телефонун зарядга туташтырган боюнча уктап калган окуучу кызды ток уруп каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Окуя 28-сентябрь күнү Каратал районунун Бастобе айылында болгон.

Алматы облустук полиция департаментинен билдиришкендей, 14 жаштагы кыздын ата-энеси укук коргоо органдарына эртең менен кайрылган.

"Жерине барган полиция кызматкерлери өспүрүмдүн жанында токко туташтырылган телефон болгонун көргөн. Кыздын денесинде зордук-зомбулуктун белгиси жок. Кийин медиктер кызды электр тогу урганын аныкташты", — деп айтылат билдирүүдө.

Полиция "окуучу түн ичинде музыка угуп жатып уктап калып токко урунган" деп бүтүм чыгарды. Окуя кырсык катары бааланды.

sputnik.kg