YouTube-дун башчысы балдарына смартфон карматпайт

27 сентября 2019 YouTube-дун башчысы балдарына смартфон карматпайт

YouTube видео сурвисинин башкы директору Сьюзен Войжитски Guardian басылмасына берген маегинде балдарына смартфон колдонууга уруксат бербейт экенин айтты. Ал баарына бала тарбиялоодогу гаджеттин ролу тууралуу пикирин билдирди.

Войжитскинин айтуусунда, ал балдарына  YouTube видеохостингине кирүүгө уруксат берет. Үйдөгү жазылбаган мыйзам боюнча балдар белгилүү бир убакыт гана колдоно алышат.

- Мен балдарымды ар дайым көзөмөлдөп турам. Эмнени көрүп, эмнени ойной тургандарына маани берем. Алардын смартфонго телмирип, узак убакыт бою телефондон баш албай отуруусуна уруксат бербейм. Эгер ошондой жолго барышса, мен алардын гаджеттерин алып коём. “Биз бүгүн виртуалдык дүйнөдөн чыгып, бул керемет өмүрдү чындап сүрөлүчү” дейт элем.

- Балдарым убакыттын баркын билишин каалаймын. Мен аларга интернетке кирүүгө такыр эле чектөө койгон жокмун. Болгону ар бир аракетин өлчөп жасашса дейм. Интернетке кирсин, бирок чектен ашпасын. Балдардын балада болуп достору менен ойногону, үй-бүлө мүчөлөү менен сүйлөшү отурганы дурус.

YouTube-дун башчысы балдар смартфонду колуна 11 жашатн кийин алышы керектигин айтат. Бул жашта балына толук көзөмөлдөөгө болот. Акыл-эс кирип, айтан сөзүңдү кабыл ала турган деңгээлде болот, дейт Сьюзен Войжитски.