Малаховдун айткандары боюнча Россия элчисинин орун басары ТИМге чакырылды

27 сентября 2019 Малаховдун айткандары боюнча Россия элчисинин орун басары ТИМге чакырылды

Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги теле алып баруучу Андрей Малаховдун Кыргызстандын жарандары тууралуу айткандарын сынга алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басарын теле алып баруучу Андрей Малаховдун айткандары боюнча чакырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

ТИМ өкүлү журналисттин Россиянын мамлекеттик ЖМКсы аркылуу айткандарына тынчсыздана турганын билдирди.

Буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун мотоцикли кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.

Эфир учурунда таксисттин ата-энеси жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү маркумдун энесине көңүл айтып, кечирим сурашкан. Бирок берүүгө чакырылгандар менен теле алып баруучу бул жерде баары буюртма аркылуу жасалган деген оюн таңуулашкан.

"Рулда 23 жаштагы кайдагы бир мурдун тарта албаган бала болгон. Ал башка мамлекеттен келип, бир нече айдан бери такси кызматында иштеп жүрүптүр. Ага бирөө 100 миң доллар берсе үй-бүлөсүн, туугандарын, бүтүндөй айылын бактылуу кыла алат. Мындай акчаны алар өмүр бою иштеп таба албайт да, себеби айлыктары 10 доллар", — деген Малахов.

Берүү YouTube-каналына чыккандан кийин алып баруучу катуу сынга кабылды. Соцтармактын колдонуучулары maLOHov хештеги менен ага наалат айткан билдирүүлөрдү жазышууда. Көпчүлүк алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылып жатат.

sputnik.kg