Сынган iPhone үчүн: кыздар студент жигитти уруп, андан кийин зордукташкан

27 сентября 2019 Сынган iPhone үчүн: кыздар студент жигитти уруп, андан кийин зордукташкан

Татарстанда эки кыз студент жигитти зордукташкан. Белгилүү болгондой, алар сынган iPhone үчүн ушундай кадамга барышкан.

22 жаштагы кыз смартфонун оңдотуу үчүн үйүнө 19 жаштагы студент жигитти чакырат. Батирде кыздан 32 жаштагы курбусу да болгон.

Жигит кызга iPhone-ду кайтарып бергенде, анын экранынан жарака кеткенин байкайт. Бул үчүн кыз баладан 3000 рубль компенсация талап кылат. Бирок, жигит төлөөдөн баш тартат. Ошондо кыздар жигитти уруп, интимдик оюнчуктун жардамы менен зордуктап салышат.

Андан тышкары, кыздар бул кылыгын видеого тартып алган. Бала акча алып келүүнү убада кылып, бирок дароо полицияга кабар берет. Натыйжада кылмыш иши козголуп, кыздар камакка алынган.