Кыз жигитинен өч алуу үчүн анын 5 айлык инисин өлтүрдүбү?

27 сентября 2019 Кыз жигитинен өч алуу үчүн анын 5 айлык инисин өлтүрдүбү?

Орусиянын Тюмень областынын Заводоуковск шаарында үрөй учурган окуя болду. 5 айлык наристенин өлүү денеси табылды.

Окуяга байланыштуу наристенин агасынын мурун сүйлөшкөн кызы шектүү катары кармалат.

Бул окуяга чейин Виктория жигитинин ата-энесинин суранычы менен, алардын үйүндө 5 айлык баласын карап жүргөн. Виктория 24-сентябрда баланы эшикке алып чыгып, кабарсыз кеткен.

Наристенин ата-энеси дароо полицияга кабар берип, ыктыярчылар менен чогуу издей башташат. 25-сентябрда Виктория менен баланын денесин токойдон табышат. Баланын денеси кыздын колунда болчу. Учурда кыз таштап кеткен жигити үчүн өч алган деп күнөлөнүүдө.

Кыз өзүнүн интернеттеги баракчасына “Мен антихристмин. Эркектерден шайтанды көрөм” деп жазган.