Жыныстык катнаштын алдынан жегенге болбой турган 10 азык

26 сентября 2019 Жыныстык катнаштын алдынан жегенге болбой турган 10 азык

Азык-түлүктөр адамга түрдүү таасирин тийгизет. Интимдик жакындык учурунда эч ким уят болгусу келбейт. Романтикалык атмосфера жана кечки тамактануу анын жагымдуу улануусуна алып келет. Бирок, анын жагымдуу улануусу сиздин жеген тамагыңыздан көз каранды. Кайсы тамактарды секстин алдынан жегенге болбойт?

Хот-дог

Бул азыктан бир эле фигура жана ден соолук үчүн баш тартышпайт. Ал сексуалдык каалоону төмөндөтөт. Негизи эле кумарга батууну кааласаңыз, фаст-фуддардын баарынан баш тартыңыз.

Анткени, сосискалар майлуу, май артерияны каптап, натыйжада секстин сапаты начарлайт. Анын ордуна балыктан жасалган таматардын түрүн жесеңиз болот.

Жалбыз (мята)

Ооздогу жагымсыз жытты жалбыз менен жок кылууга аракет кылбаңыз. Ал тестостеронду төмөндөтөт. Эгер жолугушуу интим менен аяктай турган болсо, жылбыз кошулган тамактан же сагыздан баш тартыңыз. Бир гана жалбыз кошулган чай ичиңиз, ал тамакты жакшы сиңирет.

Тоник жана анын “спутниги” джин

Интимдин алдында джин-тоник ичүүгө болбойт. Ал ич өбүүгө алып келет. Андан тышкары, анын курамында хинин зты бар, ал эркектердеги тестостеронду төмөндөтөт.

Фри картошкасы

Кытыраган фри картошкасын жакшы көргөндөр эсиңерде болсун, бул тамак эскердердин сексуалдык каалоосун төмөндөтөт. Ал кан айланууну начарлатат.

Тофу

Бул азыктын курамында фитоэстроген бар. Бул азык аялдардын да, эркектердин да сексуалдык каалоосун төмөндөтөт. Анын ордуна жумуртка жесеңиз болот.

Вонсервалар

Сүйүү түнүн бузгуңуз келсе – консервацияланган азык жеңиз. Бул азык дагы ичти көптүрөт.

Вино

Секстин алдынан вино дагы ичүүгө болбойт. Албетте, бир бокал вино төшөк оюндарынын алдынан денени бошоңдотууга жардам берет. Бир бокал эле, бир бөтөлкө эмес!

Сулу боткосо (овсянка)

Сулу боткосун эртең мененки тамактанууда жеңиз, ошондо потенцияга оң таасиин тизгизет. Эгер көп жеп алсаңаз – сексуалдык каалооңуз төмөндөйт.

Негизги тамак-аштан кийинки мөмө-жемиштер

Көбүнчө мөмө-жемиштер ремонтикалык кечти улантуучу болуп саналат. Бирок, бул туура эмес. Бул азыктар тез аш болуп, секс учурунда ичти карыштырат.

Энергетиктер

Көптөр энергетиктер секс учурунда жана андан кийин сергитет, көңүлдү көтөрөт деп эсептешет. Анткен менен, бул суусундуктун курамында шекердин жана кофеиндин болгондуктан, ден соолукка терс таасирин тийгизет. Анын ордуна карагат ширесин ичиңиз, ал сексуалдык каалоону күчөтөт.