Ушундай да болобу! Кореяда аборт жасай турган аялдарды алмаштырып алышты

26 сентября 2019 Ушундай да болобу! Кореяда аборт жасай турган аялдарды алмаштырып алышты

Сеулдун тургуну кадимки кароого келген. Дарыгерлер анын атын да сурабастан дароо жаткырып, наркоз берип, түйүлдүктү алып салышкан.

Түштүк Кореянын борбор шаарында дарыгерлер жаңылып, башка аялга аборт жасап салышканын CNN телеканалы билдирди.

Маалыматта алты айлык боюнда бар келин кадимки медициналык кароого келген. Бирок дарыгерлер аны дароо жаткырып, наркоз берип, аборт жасап коюшкан. Кийин медиктер аялдардын карталарын алмаштырып алганы, операция жасалган келиндин атын да сурап коюшпаганы белгилүү болгон.

Жакында наристе жытын искейм деп турган аял наркоздон ойгонгондон кийин дал болуп калган. Дарыгерлер күнөөсүн моюндап, шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

sputnik.kg