Кандай адамдар төшөк кумарына жакын болот. Жаңы иликтөө

26 сентября 2019 Кандай адамдар төшөк кумарына жакын болот. Жаңы иликтөө

Гиперсексуалдуулук — ашынган сексуалдык активдүүлүк. Медицинада бул илдет катары кабыл алынат. Ал өтө оор формада кездешкенде адам башка кишинин эркине каршы иш кылып, зордуктоого чейин барышы мүмкүн.

Швеция жана швейцариялык окумуштуулар биргеликте иликтөө жүргүзүп, адамдын гиперсексуалдуу болушунун себеби эмнеде экенин иликтеп чыгышты. Иликтөөнүн жыйынтыгын MedicalXpress басылмасы жазды.

Гиперсексуалдуулук — ашынган сексуалдык активдүүлүк. Медицинада бул илдет катары кабыл алынат. Ал өтө оор формада кездешкенде адам башка кишинин эркине каршы иш кылып, зордуктоого чейин барары айтылат.

Окумуштуулар бул илдетке кабылган 60 кишинин канынан алынган анализ менен дени сак 60 ыктыярчынын анализин салыштырып көргөн. Жыйынтыгында, биринчи топко кирген адамдардын канында окситоцин гормону көп экени аныкталган.

"Бул гормон аягына чейин изилденип бүтө элек. Бирок ал адамдын жыныстык жашоосунда ролу өтө чоң. Ал адам төшөк кумарына баткан учурда бөлүнүп чыгат. Мындан улам биз ашынган сексуалдык активдүүлүк менен жабыркагандарды ушул гормонду организмде азайтуу жолу менен дарыласа болот деген чечимге келдик", — дешкен окумуштуулар.

Азыркы учурда бул илдет менен дүйнө жүзү боюнча 3−6 пайыз адам жабыркайт.

sputnik.kg