Сүннөткө отургузулган эркектин аялга да пайдасы бар

24 сентября 2019 Сүннөткө отургузулган эркектин аялга да пайдасы бар

Мусулман болбосо да... Кандай шарттарда уул балдарды сүннөткө отургузушат?

Эркек баланы сүннөткө отургузуу жөнүндө хадистее айтылган. Кыргыздарда баланы кичинекей кезинде эле сүннөткө отургузуп коёт. Бул мусулмандыктын бир белгиси.

Ал эми медицина буга эмне дейт? Кандай шарттарды эркек баланы сүннөткө отургузат? Дин менен баланын жашына карабай, медицинада сүннөткө отургузуу кандай шарттарда жүргүзүлөт? Анын себептери төмөндө айтылат.

Патологиялык фимоз

Патологиялык шартта катуу толкунданган учурда эркектин жыныс мүчөсүнүн учу ачылбай калат. Тери өскөн сайын учу жабышып, ичтин ылдый жагында ооруксунтуу пайда болот. Жеңили – заара ушатканда кыйынчылык пайда болсо, оор формасы – такыр заара ушата албай калат.

Парафимоз

Жогоруда айтылган фимоздун оор формасы. Бул учурда жыныс мүчөсүнүн башы учундагы териге кысылып, жабылбай калат. Натыйжада кан жүрбөй, жыныс органынын клеткары өлө баштайт.

Жыныс мүчөнүн учу жаракат алганда

Түрдүү шарттарда жыныс мүчөнүн учундагы тери жаракат алып, анда тыртык калышы мүмкүн. Ал эми жыныстык катнаш учурунда ырахат алууга зыянын тийгизиши мүмкүн.

Сезүү касиетин жоготот

Көпчүлүк учурда кыска убакытта эркектин уруктугу түшүп калуусу – жыныстык катнаш учурундагы көйгөйгө айланат. Бул көпчүлүк учурда эркектин жыныс мүчөсүнүн учу сезгичтигин жоготкондо орун алат.

Жыныс мүчөсүнүн учунда сезгенүүнүн түрү орун алышы мүмкүн...

Заара чыгарган жерде инфекция пайда болгондо

Медицина жаатындагы окумуштууларда кичинекей кезинде сүннөткө отургузулган балдар цистит менен пиелонефритке аз чалдыгат. Ал эми бойго жеткендерде – жыныстык катнаш аркылуу жуга турган венерологиялык оорулар менен инфекцияларды (кондилома, гениталды герпес, сифилис) жана АИВ (ВИЧ) жуктуруу мүмкүндүгү азаят.

Папиллома вирусу

Сүннөткө отургузуу – папиллома вирусун жуктуруунун алдын алат.

Аялдарга да пайдасы бар

Эгер аялдын туруктуу шериги же күйөөсү сүннөткө отургузулган болсо, анда анын жыныс мүчөсүнүн жатын моюнчасында онкологиялык проблемалар болбойт.

Сүннөткө отургузуу – эркектин жыныс мүчөсүндөгү онкологиялык проблемалардын алдын алат.

Генеталдык кондиломалар (сөөлдөр)

Эркектердин жыныс мүчөсүүн учундагы жана андагы териде пайда болгон өсүндүлөр – бирден же топтошуп чыгышы мүмкүн. Өсүндүлөрдүн пайда болушу аталган вирусту жугушу менен түз байланышта. Бул учурда жыныс мүчөсүнүн учундагы териге операция жасоого туура келет.

Жогоруда айтылган проблемалардын баарында эркектердин жашына жана динине карабай, сүннөткө отургузуу, медицина тили менен айтканда циркумцизия жасалат.

Медицина дагы эркектерди сүннөткө отургузуу анын жыныс мүчөсүндө пайда болушу мүмкүн онкологиялык ооруларды 50%га төмөндөтөт деп эсептейт.