40тын кырында кылыктануу – бул төшөктө аялга да, эркекке да бирдей тиешелүү

24 сентября 2019 40тын кырында кылыктануу – бул төшөктө аялга да, эркекке да бирдей тиешелүү

“Кытыгым келет” десеңиз, анын сезимин да козгой түшөсүз.

“Кыртан ашканда балээ барбы?” дебеңиз. Муну жөн гана жубайлар ортосундагы мамилени, сезимди жаңыртуу деп түшүнүңүз.

Эмнеге 40 жашта?

Көптөгөн үй-бүлөдө дал ушул мезгилде бала-чакасы чоңоюп, өздөрүн кароого убакыт келет. Балдардын алды студент болуп, арты бала бакчага барып, ата-энеден бөлөк жатып калышат. Мына ушул учурда жубайлар төшөк оюндарынан баштагыдай ырахат алса болот.

Буга чейин бала менен болуп, жубайлык милдеттер бир аз артка жылып калган болот. Ошону кайра калыпка салуу керектигин психологдор да, дарыгерлер да эскертишет.

Бул убакта баары жаш кездегидей боло бербейт. Жаш кездегидей төшөктө денеге дене тийишсе, “төшөк майданы” дароо башталып кетиши кыйын. Деген менен, 40 жашта эч ким карып калбайт. Анан да, чыныгы жашоо 40 жашта башталат деген сөз бар эмеспи.

Аялдарга үч кеңеш

1. Төшөккө күйөөңүздөн мурун жатпаңыз. Ооруп турсаңыз, сөз жок. Эгер ырахаттуу түн өткөргүңүз келсе, күйөөңүздү 5-10 мүнөт күттүрүп, анан жатыңыз. Андан кийин төшөк астынан күйөөңүздүн аспабын көздөй кол созсоңуз болот.

2. Белги бериңиз. Бирок, дароо эле моюнга асылуунун кереги жок. Жагымдуу атыр себинип алыңыз. Сексуалдуу көрүнө турган ич кийим кийип алсаңызашыкча болбойт. Түнкү кийимди шкафка салууну унуп койгон киши болуп, төшөккө калтырып койсоңуз, жыйынтыгы сонун болот.

3. “Кытыгым келди” десеңиз, сезимин кытыгылай түшөсүз. Кулагына шыбырай түшүңүз, кошулууну каалап турган күйөөңүзгө бир аз каршылык көрсөтүп коюңуз. Бул эркектерди абдан дүүлүктүрөт.

Эркектерге үч кеңеш

1. Жуунуп жатыңыз. Аялдар бул жашта жийиркенбесе да, көп нерсеге мурдун чүйрүй турган болуп калат. Ошондуктан, төшөктө жакындоону кааласаңыз, жуунуп-таранып, тишиңизди тазалап алсаңыз дурус болот.

2. “Этекке жармашунун” кажети жок. Дароо эле “милдетиң” деп “этектен алуу” жакшы натыйжа бербейт. Акырындап, сылап-сыйпап жакындасаңыз болот.

3. Аялдын каалоосуна маани берүү керек. Бул жашта аялыңызды жакшы билип каласыз. Баштагы позаларды жактырбашы мүмкүн. Аны менен катар жаңы каалоолору ойгонушу мүмкүн. Ошондуктан, аялдын ар бир каалоосун көз жаздым алдында калтырбаңыз.