Кара-Суудагы спортчулардын атышуусу. Окуянын чоо-жайы

23 сентября 2019 Кара-Суудагы спортчулардын атышуусу. Окуянын чоо-жайы

Ош облустук милициясы учурда бул ишти ИИМдин алдындагы Аймак аралык башкармалыгы иликтөөгө алып жаткандыгын билдирди.

Кара-Суудагы атышуудан ок жеген бейтап жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Атышуу болгонун Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев тастыктаган.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү кишинин айтымында, окуя 22-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы спорттук комплекстердин биринде болгон. Эки спортчу сөз талаша кетип, ортодо чыр чыгып, бири экинчисине ок аткан. Санына ок тийген жабырлануучу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 22-сентябрь күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында кайрылган.

Маалымат булагы жабыркаган адам милициянын мурдагы кызматкери болсо, ок аткан киши Кыргызстанга таанымал спортчу экенин кошумчалады.

Ош облустук милициясы учурда бул ишти ИИМдин алдындагы Аймак аралык башкармалыгы иликтөөгө алып жаткандыгын билдирди.

sputnik.kg