Сүйүшкөндөр никеге чейин секс менен алектенсе, түрмөгө камалат. Индонезиядагы жаңы мыйзам

23 сентября 2019 Сүйүшкөндөр никеге чейин секс менен алектенсе, түрмөгө камалат. Индонезиядагы жаңы мыйзам

Индонедияда никеге чейин секс менен алектенсе, боюнан алдырса жана президенттин аброюна шек келтирсе, жоопко тартууну караган жаңы мыйзам кабыл алынганы турат.

Жаңы жазык кодекси боюнча никесиз кошулгандар бир жылга түрмөгө камалат. Жаңы мыйзам Индонезиянын эгемендигин жана динге багытталган өлкө экендигин аныктайт, дешет мыйзам чыгаруучулар.

Бул мыйзам жергиликтүү элге эле эмес, чет өлкөдөн убактылуу келген конокторго дагы бирде колдонулат.