6 жаштагы бала көз жумган энеси менен бирге 5 күн түнөгөн

20 сентября 2019 6 жаштагы бала көз жумган энеси менен бирге 5 күн түнөгөн

Кечинекей бала көз жумган энеси менен бирге батирде беш күн жаткан. Окуя Башкырстандын Янаул шаарында болгон.

Алты жаштагы бала барып жүргөн бала бакчанын тарбиячылары баланын бир нече күндөн бери келбегенин байкашат. Кабатыр болгон тарбиячылар баланын энесинин курбусуна кайрылышат.

Алар батирге бирге келип, баланын энеси көз жумганына күбө болушат. Ал эми жанындагы баласынан абалы да өтө оор эле.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, бала алгач энесин уктап кетти деп ойлогон. Бир топ убакыт өткөндөн кийин бала ачка болуп, алсыздыктан жардамга бирөө-жарымды жардамга чакырууга алы келбеген.

Учурда бала ооруканада жатат, абалы турукташып калган. Туугандары баланы өздөрү багып ала тургандарын айтышкан.