Идеалдуу секстин сыры: төшөктө ар бир аял каалаган 5 нерсе

18 сентября 2019 Идеалдуу секстин сыры: төшөктө ар бир аял каалаган 5 нерсе

Аялды чыныгы сүйүү кумарына жеткирүү үчүн, сиз бир нече сырды билүүгө тийишсиз. Анткени, ар бир аял бул тууралуу кыялданат.

Аялдын каалап турган нерсесин аныктоо оңой эмес. Ал ар дайым эле каалап турган нерсесин айта бербейт. Көбүнчө алар сүйүктүүсү өзү аңдап билишин күтүшөт. Төмөндө аялдардын төшөктөгү 5 кыялын айтып беребиз.

1. Романтика жөнүндө

Комплименттер, гүлдөр, күйүп турган шамдар, музыка – мунун баары эскинин саркындысы эмес эле, аялдын жүрөгүнө болгон түз жол. Алар түрдүү афродизиактан ашып түшөт. Ошондуктан, уктоочу бөлмөдөгү романтика жөнүндө эстен чыгарба.

2. Сылап-сыйпалоо жөнүндө

Аялга ырахат тартуулоо үчүн, аны жакшылап дүүлүктүрүү керек. Мырзанын назик сылап-сыйпоосу жана аялдын денесине суктануусу ырахаттын туу чокусуна чыгарат.

3. Кумарлуу секс жөнүндө

Романтика – жакшы, бирок кумарлуу секс – андан да жакшы! Маал-маалы менен өзүңөргө эркиндик берип, сексуалдык жашооңорго агрессиянын жеңил ноталары менен түрдүү оюндарды кошуп турсаңар болот.

4. Ачык-айрымдык жөнүндө

Аялдардын башкы каалоолорунун бири – өзүнүн сүйүктүүсүнүн сексуалдык фантазиясын билүү. Бул биринчиден ишенимди арттырса, экинчиден төшөктө жаңы идеяларды пайда кылат.

5. Үн менен оштолгон секс жөнүндө

Аялдарга секс учурундагы мырзалардын дем алганы, шыбыраганы, кыйкырганы, онтогону жагыт. Башкысы, секс учурунда оозго талкан салып алба. Тынчтыктагы секс эч кимге жакпайт.

Мына ушунун баарын аял ар дайым каалап турат. Эгер аялыңа суктанып, сылап-сыйпап, өзүңдүн оюңдагы секс жөнүндө ачык айта турган болсоң, баары ойдогудай болот.