Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү

18 сентября 2019 Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү

Учурда башка мамлекеттердин да "Оскар" комитети өз талапкерлерин көрсөтүп, тизме түзүлүүдө. Андан кийин киноакадемиянын атайын калыстары кыска тизмеге кире турчу тасмаларды тандайт.

Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын "Оскар" комитетинин жыйынында Пирматовдун тасмасы колдоого алынган.

Аталган фильм "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясы боюнча ат салышат.

Учурда башка мамлекеттердин да "Оскар" комитети өз талапкерлерин көрсөтүп, тизме түзүлүүдө. Андан кийин киноакадемиянын атайын калыстары шорт-листке кире турчу тасмаларды тандайт.

2019-жылдын эң мыкты тасмаларын тандоо жана "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи келерки жылы 9-февралда Лос-Анжелесте өтөт.

Пирматовдун киносунда Кыргызстандагы көйгөйлөр чагылдырылган. Окуянын баары бир күндө болот. Каармандар жан кейиткен жана күлкү жараткан түрдүү учурларга тушугат.

sputnik.kg