Кишинин башына өскөн мүйүздү дарыгерлер араалап салды

18 сентября 2019 Кишинин башына өскөн мүйүздү дарыгерлер араалап салды

Мүйүздү баш кийимге катканга мүмкүн болбой калгандыктан, айласы кеткен киши дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болгон.

Индиянын Сагар шаарынын тургуну Шьям Лал Ядавдын чокусуна өсүп чыккан 10,2 сантиметрлик мүйүзү көптөрдү таңгалдырды. Бул туурасында Mirror Online жазды.

​74 жаштагы эркек киши беш жыл мурда башын катуу уруп алгандан кийин кадимкидей эле мүйүз өсө баштаган. Алгач башынын бир жеринин томпоюп калгандыгын көрүп, чач тарачтан кырып салууну суранган. Кийин өз алдынча алып салууга аракет кылганынан майнап чыкпай, мүйүз улам өсө баштаган.

Баш кийимден дагы билинип калгандыктан, айласы кетип акыры ооруканага барып, дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болгон. Адистер карап текшерип көрүп, ал адамда кадимки эле мүйүз өсүп жатканын тастыктаган. Жыйынтыгында нейрохирургдар операция жасап, Шьям Лал Ядавдын мүйүзүн араалап салган. Жасалган биопсиянын жыйынтыгы шишиктин андай деле кооптуу эмес экенин көрсөткөн.

Анткен менен дарыгерлер мүйүздүн кишинин башына кайрадан өсүп чыгышы мүмкүндүгүн айтышкан. Алар бул илдет сейрек кездешерин, ал көп учурда күндүн таасиринен болушу мүмкүндүгүн кошумчалашкан.

sputnik.kg