Тажик бийлиги үч аскери набыт болгонун тастыктады

17 сентября 2019 Тажик бийлиги үч аскери набыт болгонун тастыктады

Дүйшөмбү күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып ок атылган. Мунун кесепетинен аскерлер да, жай тургундар да жарадар болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Тажикстандын УКМКсынын үч аскери каза болду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги Согду облусунун башчысынын маалымат кызматынын жетекчиси Музаффар Юнусовго таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы атышуунун кесепетинен Тажикстандын УКМКсынын бир подполковниги жана катардагы эки аскери набыт болгон.

Азыркы тапта кыргыз-тажик чегинде кырдаал туруктуу. Окуя болгон жерде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары жүрөт.

Жаңжалдын тутанышы

Тажикстан Максат айылына келип такталбаган жерге курулуш баштаган. Ага жооп кылып Кыргызстандын жараны да үйүнө тосмо тургуза баштаган. Мындан улам эки тараптын бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, курулушту токтотууну макулдашышкан. Бирок ага карабай тажик тарап курулушту уланта берген.

16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, 13 киши жаракат алды. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо — жай тургундар. Баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Кийин 10 бейтап Бишкекке учак менен алып келинди. Эки аскердин абалы оор.

Тажик тараптын версиясы

Чек ара жаңжалы боюнча Тажикстандын расмий органдары да билдирүү жасады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаганын билдирген. Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 16-сентябрда саат 18:45тер чамасында Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерин баштаган. Жергиликтүү тургундар (тажик тарап) курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.

Маалыматта эки тараптуу жетишилген макулдашууларга карабай Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тартканы айтылат. Чагымчыл аракеттерден кийин Тажикстандын куралданбаган жай тургундарына карата ок атылып, бир нече киши жаракат алганы белгиленген.

sputnik.kg