Деги эмне жейбиз? Дарыгер помидордун зыяндуулугун айтып берди

16 сентября 2019 Деги эмне жейбиз? Дарыгер помидордун зыяндуулугун айтып берди

Помидордогу лектиндер же болбосо ар түрдүү белоктор өсүмдүктү зыянкечтерден коргоо үчүн иштелип чыгары айтылды.

Помидордун курамында пайдалуу витаминдер жана минералдар болгонуна карабастан ден соолукка зыяндуулугу бар. Бул тууралуу "Известия" америкалык кардиолог Стивен Гандри "Парадокс растений" аттуу китебинде жазганына шилтеме кылып жазды.

Маалыматта кеп помидордогу лектиндер же болбосо белоктордун ар түрдүүлүгүндө болуп жатканы айтылат. Алар өсүмдүктү зыянкечтерден коргоо үчүн иштелип чыгат. Генринин айтымында, белоктор организмге кирип түрдүү оору-сыркоону чакырып, соо клеткаларды талкалайт.

Помидорлор адамды чарчатып, көп жесе териге бүдүр кызыл темгилдер чыгып кетери айтылат. Ошондой эле мээнин иштешине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

sputnik.kg