"Шайтан" түйүлдүк. УЗИнин жыйынтыгын көрүп үрөйү учкан аялдын окуясы

16 сентября 2019 "Шайтан" түйүлдүк. УЗИнин жыйынтыгын көрүп үрөйү учкан аялдын окуясы

Америкалык кош бойлуу аял медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага кайрылып, натыйжада өзүн жоготуп коё жаздаган.

Америкада кош бойлуу аял УЗИге түшүп, ымыркайдын сүрөтүн көрүп жүрөгү түшүп калган. Бул туруалуу Daily Mail басылмасы жазды.

Вирджиния штатында жашаган 17 жаштагы Айанна Кэррингтондун беш айлык боюнда бар. Ал ымыркайдын жынысын билүү үчүн УЗИге түшүп, дарыгер ага курсагындагы түйүлдүктүн сүрөтүн көрсөткөндө чочуп кеткен.

​УЗИ тарткан сүрөттө ымыркай кыздын көздөрү аны карап тургандай таасир калтырган. Мындайды күтпөгөн аял баласын "шайтан" деп атап, социалдык тармакка сүрөтүн жарыялаган. Ошол эле учурда анын күйөөсү да шок болгон, себеби ал эркек күтүп жаткан.

Айанна Кэррингтон кандай гана болбосун курсагындагы кызын сүйөрүн жазган.

sputnik.kg