Энеси баласын өрттөп, жерге бергенден кийин, ал кайра тирилип келген

16 сентября 2019 Энеси баласын өрттөп, жерге бергенден кийин, ал кайра тирилип келген

Кронштадттын 62 жаштагы тургуну 42 жаштагы уулун көз жумду деп эсептеп жүргөн. Бирок, бир нече күндөн кийин баласы аман-эсен кайтып келген, деп жазат Вести басылмасы.

Март айында аял уулу жоголуп кеткендги тууралуу полицияга арыз менен кайрылган. Уулу психикалык оору менен жабыркагандыгын маалымдаган.

Бир жарым айдан кийин аял моргго уулунун денесин таануу үчүн чакырылып, маркум өзүнүн баласы экендигин ырастаган. Аял уулунун денесин өрттөп, анын өлгөнү тууралуу көбөлүк алган. Чынында аял башка бирөөнү жерге берген эле.

Ал эми сентябрь айынын башында аялдын үйүнө баласы кайтып келген.