Бырышка каршы маскалар

8 ноября 2018 Бырышка каршы маскалар

Адамдын жашы улгайган сайын тери да картая баштайт. Ал эми бетиңизге бырыш түшсө, андан биротоло арыла албайсыз. Ошентсе да, териге кам көрүү аркылуу бырыштын эрте түшүсүүнөн сактанууга болот.

Назарыңыздарга үйдө жасалуучу бырышка каршы ыкмаларды сунуштайбыз. Баарынан мурда маска жасаардан алдында бетти жакшылап жууп, тазалайт. Кийин лосьон менен аарчып, масканы сүйкөйт. Аны кеминде 20 мүнөт гана кармайт. Андан соң суу менен самындабай бетти жууйт.

Майда бырыштарга арналган маска

1 жумуртканын сарысына жарым чай кашык балды аралаштырып сүйкөйт. 5 мүнөттөн кийин бетти жылуу суу менен жууйт. Экинчи жолу 1 жумуртканын сарысына 1 чай кашык өсүмдүк майы, бир нече тамчы лимон ширеси менен жаңы даярдалган көк чайды жакшылып аралаштырып бетке сүйкөйт да, 15 минөттөн соң суу же чөптөн даярдалган тундурма менен чайкайт. Бул беттин кан айлануусун жакшыртып, бырыштын катмарын жазат.

Кургак жана нормалдуу териге арналган маска

Жалбыз (мята) тундурмасына жылуу кезинде кездемени суулап бетке коет. Муну массаждан же маска жасоодон мурда жасайт. Маска териде 3-5 мүнөт турат, жоолукту 2-3 жолу кабаттайт. Бул беттеги кан тамырларга пайдалуу, булчуңдарды жумшартып, бетти тазартып, өлгөн клеткалардан арылтат. Салкын түрүндөгү компресс бет терини серитип, түсүн жакшыртып, тешикчелерди кичирейтет.

Бырыштын алдын алууга арналган маскалар

Күнжүт майын бетке сүйкөп, 1 сааттан кийин кагаз майлык менен беттеги майды аарчып алат же жумуртканын сарысына 1 аш кашык балды аралаштырып, бетте 10-15 мүнөт кармайт. Муну кургак бетке күн сайын эртең менен жасоого болот. Мындан тышкары, 1 жумуртканын сарысы менен агы (агын абдан көбүртүү керек), ½ чай кашык бал, 1 чай кашык глицирин, 1 аш кашык талканды аралаштырып бетке сүйкөйт, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салынат.

Бетти азыктандыруучу маска

Алоэ (эт туурагычтан өткөрүп алсаңыз да болт), 1 жумуртканын сарысы, 3 аш кашык кургак сүт, 1 чай кашык балды кошуп, баарын аралаштырып, килкилдек кылуу керек. 20 мүнөт бетте кармап, андан соң жууп салып, артынан муз бөлүкчөсү менен бетти сүртөт. Бул масканы муздаткычта сактоого болот.

Көздүн айланасындагы бырышка каршы маска

Сары май менен өсүмдүк майы көз айланасындагы бырыш менен күрөшүүдө жакшы жардам берет. Аны уктар алдында көздүн айланасына сүртүп, эртең менен жууп салса болот. Ошондой эле, 1 аш кашык бананды эзип, сары май кошуп аралаштырат. Аны көздүн айланысындагы териге сүйкөп, 15-20 мүнөт кармайт. Андан кийин жылуу суу менен жууп салат.

Мөмө-жемиштерден жасалган маска

1 аш кашык малина жалбырагы менен анын гүлүнө 2 стакан суу куят. Үстүн дымдап жаап, 30 мүнөт тундуруп коёт. Тундурманы муздаткычтын тоңдургучуна салып, муз менен жатар алдында сүртөт.

Ширелерден жасалуучу маска

Жүзүм ширесин сүт менен аралаштырат, экөө бирдей көлөмдө болуусу шарт. Суюктукка дакини малып, бетке коюп, сыртынан түктүү сүлгү жаап коет. 15-20 мүнөттөн кийин дакини алып, терини кургатып, крем коёт. Дагы бир башка жолу жумуртканын агына 2 чай кашык жүзүмдү эзип кошот. Масканы 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап салуу керек.