Окумуштуулар телевизор алдында көп олтуруунун коркунучтуу экенин аныкташты

8 ноября 2018

Телевизор алдында узакка олтуруу тамырларда кан уюу коркунучун арттырат. Ал тургай, бул дайыма спорт менен машыккан чоңдорго да тиешелүү, деп РИА Новости басылмасы кабарлайт.

АКШнын Миннесот университетинин окумуштуулары телевизор алдында көпкө олтуруу тамырда кан уюшуна алып келерин аныкташты.

Дарыгерлер 45-64 жаш аралыгында 15 миң америкалыктын ден соолулугун 24 жыл бою көзөмөлдөшүп, жашоо образы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп турушкан.

Аталган убакыт ичинде 691 адамда тамырда кан уюу абалы катталган.

Ошондой эле, телевизор алдында узак убакыт өткөргөн адамдарда тамырда кан уюу 1,7 эсеге көп кездешкен.

“Бул көрсөткүч, жада калса, спорт менен машыккан адамдардын да узак убакыт олтурганда ден соолугуна зыян алып келерин көрсөттү. Мисалы, адамдар телевизор көргөндө узак убакытка бир жерден жылбай олтурушат”, - деп изилдөөнүн авторлорунун бири Ясухико Кубота билдирди.