Узак өмүр сүрүү үчүн канча саат уктоо керек?

13 сентября 2019 Узак өмүр сүрүү үчүн канча саат уктоо керек?

Окумуштуулар узак жашоо үчүн күнүнө канча саат уктоо керектигин аныкташты. Бул тууралуу kp.ru сайты кабарлайт.

Түнкү уйку маселелерин изилдеген адис Мэтью Уокер күтүүсүз өлүмгө дуушар болбош үчүн күнүнө канча саат уктоо керектигин аныктады.

Анын сөзүнө ишенсек, адамдын ден соолугу үчүн күнүнө сегиз-тогуз саат уктоо маанилүү.

Уокер уйкуга өзгөчө маани берүү керектигин баса белгиледи. Профессордун айтымында, уйкунун канбоосу семиздик, залалдуу шишик же жүрөк ооруларын жаратышы мүмкүн.

“Эгер сиз алты-жети саат гана уктап жүргөн болсоңуз, кандайдыр бир дартка кабылуу коркунучу көбөйөт”, - дейт Уокер.