Спортсуз жана диетасыз арыктагысы келгендерге 10 кеңеш

13 сентября 2019 Спортсуз жана диетасыз арыктагысы келгендерге 10 кеңеш

Арыктагыңыз келеби? Төмөндөгү 10 кеңеш арыктоого өз жардамын тийгизет.

1. Эгер сиз кичине кезиңизден табакта эч нерсе калтырбоого үйрөнсөңүз да, тамактын баарын ичүүдөн качыңыз.

2. Тамак үстүндө тынчсызданбаңыз. Мисалы, гезит окуп олтурсаңыз – эмне ичип олтурганыңызды билбейсиз, ошондуктан тамактануу маданиятына көңүл бурганыңыз туура.

3. Оозуңузга салган тамактын даамы менен жытын сезүүгө аракет кылыңыз.

4. Тамакты көп чайнап жутуңуз, андан кийин гана кашык, айрыңызды кайра кармаңыз.

5. Жуткан сайын аз эле тыныгуу жасаңыз.

6. Жалгыз тамактанбоого аракет кылыңыз.

7. Жубайлар диета кармоодо бири-бирин колдошу керек, эгер бирөөсү аны (диетаны) сактабаса, таарынуунун кереги жок.

8. Тамакты чактап даярдаган туура. Ашыкча даярдалган тамакты бир гана ачка адам ичет.

9. Эгер үйүңүздө ашкана болсо, дасторконду ошол жакта даярдаңыз. Дагы тамактангысы келгендердин ашканага кайра баргысы келбеши толук мүмкүн.

10. Тамак ичүү убактысын созууга аракет кылыңыз. “Жыландын башы пайда болуусу” тууралуу белги мээге тамактанып баштагандан 20 мүнөттөн кийин гана жетерин унутпаңыз.