Күмүштү үй шартында кантип тазалоого болот: кеңештер

13 сентября 2019 Күмүштү үй шартында кантип тазалоого болот: кеңештер

Күмүштү үй шартында тазалоо анын сынамына (проба) көз каранды болот.

1. 625 сынамындагы күмүш буюмдар үчүн нашатыр спирти

1:10 өлчөмүндөгү сууга нашатыр спиртин эритип, бул эритиндиге чүпүрөктү же пахтаны суулап, буюмдун карарганы толугу кеткенче акырындык менен аарчып чыгыңыз.

2. Төмөн сынамдагы күмүштөр үчүн лимондун ширеси

Эгер күмүштүн сынамы 625тен төмөн болсо, анда аны тазалоо үчүн лимон ширесин колдонсо болот, же лимон баштыкчасын 1 литр сууга ээритиңиз. Бул ээриген сууга күмүш буюмду салып, анда-санда аны айландырып туруңуз. 30 мүнөт кармагандан кийин, катуу чүпүрөк менен аарчып койсоңуз, ал жаңыдай жалтырап калат.

3. Сода баарын тазалайт!

Металлдан жасалган ар бир буюмду тазалоонун натыйжалуу ыкмасы – сода. 2 кашык соданы алып, азырак өлчөмдөгү сууга аралаштырыңыз. Бул аралашма менен буюмду жалтыраганча аарчыңыз.

4. Ташы бар жасалгалар үчүн самындын эритмеси

Табигый же жасалма таштары менен кооздолгон күмүш буюмдарды тазалоо үчүн самын эритмесин даярдап алуу зарыл. 3 тамчы нашатыр спиртин жарым стакан самын суусуна аралаштыруу керек. Даяр болгон сууга буюмду салып, бир аз убакыт кармап туруңуз. Андан кийин ташы бар буюмду кургатып алып, фланель менен аарчыңыз.