Тердөө оор дарттын алгачкы белгилери болушу мүмкүн

13 сентября 2019 Тердөө оор дарттын алгачкы белгилери болушу мүмкүн

Окумуштуулар терчилдик онкологиялык оорунун баштапкы этабынын белгиси болушу мүмкүн экенин айтып, коңгуроо какты. Бул тууралуу sorokainfo.com сайты кабарлайт.

Албетте, тер менен бирге денеңизден жагымсыз жыт чыкса, ден соолугуңузду текшерткениңиз зарыл.

Окумуштуулар ашыкча тердөө биринчиден гипергидроз аттуу дарттын белгиси болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бул дарт адатта үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө берилет жана нерв системасындагы бузулуулар бар экенинен кабар берет.

Канда кант өлчөмү азайса да, терчилдик пайда болот. Мындай учурда тери муздап, жабышчаак болуп, чачтын түбүндө да жабышкаактык сезилет. Мындай учурда биринчи баш мээсине оор жүк түшөт.

Терчилдик, мындан тышкары кош бойлуу аялдар менен климакска кабылган аялдарда байкалат.

Паркинсон дарты менен лифома дарты учурунда да терчилдик болоруна окумуштуулар чоң көңүл бурушууда. Лифома – лимфатикалык системанын залалдуу шишикке чалдыгуусу.