Аялдарын оралдык секске мажбурлаган эркектер чоң күнөөгө батат

12 сентября 2019 Аялдарын оралдык секске мажбурлаган эркектер чоң күнөөгө батат

Тажикстандын ислам борбору аялдарын оралдык секске мажбурлаган эркектерди катуу айыптады.

Тажикстан ислам борборунун башчысы Саидмукаррам Абдулкодирзода акыркы жума намазы учурунда аялдарын жыныстык катнаштын салттуу эмес түрүнө мажбурлаган эркектер чоң күнөө жасайт деп маалымдаган. Бул тууралуу борбордун расмий сайтында жарыяланган.

Дин кызматкеринин сөзүндө, мындай “бузукулуктун” булагы – интернеттеги порнофильмдер.

Ислам борборунун кызматкери Джамолиддин Хомуши Саидмукаррам Абдулкодирзоданын бул үгүттөөсүн күйөөлөрүнөн кордук көргөн аялдардын өтүнүчү боюнча жасаганын түшүндүрдү.

Борборго келген аялдар Орусиядан келген күйөөлөрү өздөрүн оралдык жыныстык катнашка мажбурлайт экенин айтышкан.